Турсунбеков: Орус делегациясы президенттикке талапкерлерди көрүү үчүн келген жок
Орусия делегациясы Кыргызстандагы президенттикке талапкерлерди көрүү үчүн келген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков VI чакырылыштагы парламенттин экинчи сессиясынын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны учурунда билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.
Турсунбеков Мамдуманын спикери Володин баштаган делегация шайлоо алдындагы кырдаалды байкоо үчүн келди деген эксперттердин пикирине кошулбайт.«Володин менин чакыруумдун негизинде келди. Эгер талдоочулардын логикасына таянсак, анда орус делегациясы мени көрүүгө гана келди. Эми буга олуттуу карасак, биз өлкө үчүн маанилүү бир катар документтерди талкууладык.
Бул мигранттардын, товарлардын транзити сыяктуу маселелер. Биз аларды чечүүгө аракет жасадык», - деди Турсунбеков.Чыныбай Турсунбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президенттикке ат салышууга ниети бар экенин дагы кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content3307
Добавить комментарий ×