Операция жасап жатып футбол көргөн дарыгер жазаланат

30 июня 2017 15:00 534 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармакта операция жасап жатып, футбол көргөн дарыгер тууралуу видео тарады. Бул тууралуу “Baq.kz.” маалымат булагы кабарлады.

Чилидеги ооруканалардын биринде хирург дарыгер операция жасап жатып, сыналгыдан футбол матчын көргөн.

Азыр ушу окуя боюнча катыштуу ар тараптуу текшерүүлөр жүрүп жатат. Дарыгерлер өз элдеринин командасына күйөрман болушкан сыяктуу.

Белгилей кетсек, футболдан Конфедерация кубогынун жарым финалында Чили курама командасы Португалия менен беттешип, натыйжасында жеңишке жеткен эле.

Ссылка: https://barometr.kg/content3302



Добавить комментарий