Кесип тандоо – тагдыр тандоого тете кадам

27 мая 2016 12:01 22951 6
Поделиться в:
ok

     Өмүрүбүздүн үчтөн бир бөлүгүн иштеген жумушта өткөрөбүз, тактап айтканда тандап алган кесип менен алек болобуз. Кишилер кесиптери менен өздөрүн таанытышат. Кесип ал кишинин адамкерчилигине, дүйнөгө болгон көз карашына, кабыл алуусуна таасир этип, адамдарда окшоштуктар, айырмачылыктар, өзгөчөлүктөр жана жакындыктарды пайда кылат. Мисалы, куруучу менен мугалимди, милиционер менен инженерди салыштыралы. Алар кесиптери жана иштеген иштеринин негизинде бири-биринен айырмаланып турушат.      Ар бир киши кичинекейинен баштап эле чонойгондо ким болоорун ойлоп, келечеги жөнүндө кыялданат. Башында жалаң гана кыял катары эсептелген кесип тандоо, чонойгон сайын чындыкка жакын негиздерге таянат. Башкача айтканда, түрдүү кесиптер жөнүндөгү көз карашы кеңейет, окуп үйрөнөт, кенири маалыматка ээ болот. Бирок, жаштардын көбү өмүр бою бир боло турган кесибин тандоодо тобокелге салышат, ата-энесинин же тууган тааныш досторунун пикиринен көз каранды болуп калышат.       А бирок абитуриент сөзсүз түрдө үй-бүлөнүн шартын, ата-эненин ой-пикирлерин, тилектерин да эске тутканы туура болоорун. Ар бир киши өзү жөнүндө өзү гана толук билээрин. Жөндөм-шыгын адам өзүнүн алдында калыс баалай билсе адашпастыгын айыл чарба инженер-механиги Манас Саматов баса белгилейт:      “Кесип тандоо – тагдыр тандоого тете кадам. Ошондуктан, ар бир адам учурдагы “мода” болуп жаткан романтикалык багыттарга азгырылбастан өзүнүн көңүлүнө, жөндөмүнө, мүнөзүнө жана үй-бүлөлүк кесиптик традицияларына таянып туруп чечим кабыл алганы оң”,- деген пикирде инженер.       Мындан сырткары жаштарда калыптанып калган “престиждүүлүк” стереотипине ылайык окуу жай тандашат. Тагыраак айтканда абитуриенттерди өзүнө болочоктогу кесип эмес, окуу жайдын имараты анын популярдуулугу, канча акча табаары көбүрөөк кызыктырып жаткандай деп кабатырланышат адистер.      “Кесип тандоо – келечегиңди ошол нукка буруу дегендик. Башкача айтканда, келеркиңди белендөө. Ошол себептүү бул маселе салмактуу, ары чоң аракетти өзүнө камтыйт. Негизинен азыр көпчүлүгү биринчи эле отура турган жерин элестетип, анан кесипти тандашат. Бул туура эмес. Анткени убагы келгенде ал орундукка берилген баа төмөн болуп калышы мүмкүн, а мүмкүн орун жок дагы болуп калат”, –   дейт Анара Майрамбекова, №5 Хуриев атындагы орто мектептин мугалими.  Жан дүйнөгө жакпаган канча чоң кызмат, престиждүү кесип болбосун адамды бактылуу кыла албасын. Эл эмне дейт, жогорку окууну бүтүшүм керек деген максатта эмес, жаккан кесипке ээ болууну максат кылыш керек деген принципти тутунган акын, академик Лариса Асанбекованын пикиринде:      “Мектепти бүтүрүп, чоң турмушка кадам коюп жаткан жаштардын көпчүлүгү кесип тандоого келгенде кайсы окууга барып, кандай кесип алууну билбей калат. Аз сандагы гана жаштар алдына максат коюп, мен баланча кесиптин ээси болушум керек дешип окууну өздөрү тандап алышат. Андай жаштар ошол алган кесиби менен иштеп көп ийгиликтерге жетишет”, – деген ойдо.      Мына ошондой өз киндигин өзү кесип келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш бүтүрүүчү Тимур:   “Мен университетти тандай элекмин бирок келечектеги кесибимди алда качан тандап койгом. Мага кайдан окуй турганым эмес, кимден билим алаарым маанилүү. Тапшыра турган кесибим жөнүндө менде толук болбосо да 50 пайыз маалыматым бар. Окуу жайларын эми гана сураштырып жатам”, – дейт Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылынын №3 – мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Тимур Алибек уулу.      Тимурдун айтымына караганда ал келечекте мыкты архитектор болот. Анын башкы максаты – өлкөдөгү курулуш жаатына пайда келтирүү менен бирге мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат.      “Баары эле чоң окууда окуп галстук тагынып, креслодо олтуруп алышса анда тамак-ашты ким өндүрүп, өсүмдүктөрдү ким өстүрөт да бузулган тетиктериди ким оңдойт?!”, – деп кейийт сантехник – электрик Талант Сабыров.      Талант Сабыров сантехник-электрик болсон өзүндүн үйүндөгү нерселерди өзүң оңдоп эч кимден жардам сурабайсың. Анан да айлыктан айлыкка зарыккандан көрө айлык маянадан сырткары күнүмдүк акча да таап алса болоорун айтып, төмөндөгүлөрдү кошумчалап өттү:      “Азыркы учурда адамдар былтыр картөшкө кымбат баада сатылды деп кийинки жылы баары талаасына картөшкө айдайт да ошол жылы картөшкө ит бекер болот. Мына азыр кесип тандап жаткан жаштар да дал ушундай, бир жылы баары экономикага тапшырса, кийинки жылы юристтин кесиби мода болсо ошого тапшырат баары. Анан натыйжада баары жумушсуз базарда, жалданма жумушта, чет жактарда иштегенге мажбур болуп жатышат. 

Ссылка: https://barometr.kg/content329



Добавить комментарий