Ватикан казына башчысын бачабаздыкка айыптоодо
Австралия полициясы Ватикан казынасынын башчысы, кардинал Жордж Пелланы бачабаздыкка айыптоодо. ББСнин маалыматы боюнча кылмыш бир нече жыл мурда жасалган. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Римде жашаган кардинал 18-июлда Мельбурнда боло турган сотко келиши керек. 76 жаштагы диний ишмер айыптоолорду четке кагып, кадыр-баркын коргоого даяр экенин билдирүүдө. Ал отставкага кетүүгө убада кылды.
Австралияда атайын комиссия католик чиркөөлөрүндө балдарга жасалган сексуалдык зомбулуктарды иликтөөдө. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Жеральд Рисдейл аттуу поп 1960-1980-жылдар аралыгында 130 балага карата сексуалдык кылмыш жасаган.
Жордж Пелл бир убактарда Рисдейл менен бир үйдө жашаган, комиссия ал бул кылмыштар тууралуу билиши керек деп эсептөөдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content3275
Добавить комментарий ×