Байыркы түрк жазма эстеликтери тууралуу алгачкы конгресс өткөрүлүүдө

27 мая 2016 11:22 681 Barometr
Поделиться в:
ok

2016-жылдын  25-май күнү   Кыргыз-Түрк “Манас”  университетинде  “Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды  изилдөөдөгү актуалдуу маселелер конгрессинин ачылышы өттү.

    Иш-чараны    КТМУ нун  ректору  Себахаттин Балжы  жана  окуу жайдын  биринчи проректору  Асылбек Кулмырзаев  ачып беришти. “Түрк тили коомунун”  жетекчиси  Мустафа Качалин,   Мамлекеттик тил комиссиясынын  төрагасы Эгемберди Эрматов жана  өлкө Президентинин  атынан  КР Президентинин аппаратынын бөлүм башчысы  Мира Карабаевна чыгып  сөз сүйлөдү.

 Мындан сырткары конгресске  Түркиянын  Кыргызстандагы  толук жана  ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч, профессор, доктор Кадыралы Конкобаев менен бирге   окумуштуулар, окуу жайдын  студенттери катышышты.

   Аталган конференция КР Президентинин эгедерлигинде  “Түрк тили коому” жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети  тарабынан  уюштурулган.  Конгресс  25-майдан 29-майга чейин  борбордон баштап Чүй, Ысык-Көл областтарында уланмакчы. Анын жүрүшүндө  түрк жана кыргыз окумуштууларынын   докладдары  окулат. 

Ссылка: https://barometr.kg/content327



Добавить комментарий