ИИМ:телевидение менен фейсбук баракчасына чыккан видеоматериалдар боюнча текшерүү жүргүздү
Жакынкы күндөрү телеберүүлөрдүн бирине жана Фейсбук баракчасына “Пагондуулар акча талап кылууда” аталыштагы видеоматериал жарыяланып, “Манас” абамайданынан чет өлкөлүк спортсмендер снукер боюнча мелдешке келишип, тамеки чеккендери үчүн айып пул төлөгүлө деп кармоого кабылышканы сюжетте чагылдырылган.
Видеоматериалда милиция кызматкерлери токтотууга уруксат берилбеген жерден токтотушуп, мелдешке келген бир нече спортсмендерди тамеки чеккендиги үчүн айып пул төлөөлөрүн талап кылышкан. Маалымат коомчулукта тынчсыздануу жаратып, ички иштер органынын абройуна терс таасирин тийгизди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Буга байланыштуу ИИМдин Өздүк коопсуздук кызматы кызматтык иликтөө ишин баштап, бул күнү нөмөөттө кызмат кылган бардык кызматкерлер текшерилди. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында нөөмөттө турган кызматкерлер ИИМдин буйруктары менен буйурмаларын, анын ичинен “Нөөмөттүк бөлүмдөрдүн иш-аракеттери боюнча чара көрүү жөнүндө” буйруктун, “Туристтик сезонду даярдоо жана өткөрүү маалында коомдук тартипти камсыздоо чарасы жөнүндө” буйурмасынын, “Ички иштер министрлигинин Аба транспорттук жол башкармалыгындагы кызматкерлер тууралуу” буйругунун негизинде тиешелүү жазаларын алышты. КР ИИМдин буйруктарына жана Ички иштер органынын тартип уставына баш ийбегендиктер жана мыйзамдуулукту сактоодогу терс көрүнүштөрү үчүн эки милиционер кызматынан бошотулду. КР Ички иштер органынын тартип уставында көрсөтүлгөн милдеттерин так аткарбагындыгы үчүн Аба транспорттук жол бөлүмүнүн башчысы сөгүш алды.
КР Ички иштер министрлигинин Аба таранспорттук жол башкармалыгынын башчысы менен орун басарына мындай көрүнүштөгү фактылар кайталанбас үчүн өздүк курамын көзөмөлгө алуусун жана чара көрүүсүн сунуштады. Кызматтык иликтөө боюнча жыйынтыгынын көчүрмөсү юридикалык жактан баа берилиш үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content3266
Добавить комментарий ×