Бирдиктүү салык декларациясын 418 миң 888 салык төлөөчү тапшырды

28 июня 2017 16:00 539 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик салык кызматы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча өнөктүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

27-июнга карата Бирдиктүү салык декларациясын 418 миң 888 салык төлөөчү тапшырды. Тапшыргандардын ичинен 39 миң 781 – юридикалык жактар, 221 миң 847 – жеке ишкерлер, 114 миң 674 – жеке жактар жана 19 миң 380 – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле, 23 миң 206 – салык салынуучу кирешелери жок жеке жактар болду.

Эскерте кетсек, декларациялык кампания – 2016 үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 1-мартка чейин юридикалык жактар үчүн, 1-апрелге чейин жеке жактар үчүн жүргүзүлдү.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3237



Добавить комментарий