Москвада кыргызстандык жигит кызды ифтарга чакырып, достору менен зордуктады
Поделиться в:
Жалал-Абад областынын Сузак районунда 1984-жылы туулган жигит Москвада мекендешин зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мелис атуу чала тааныш жигит кыргызстандык кызды ифтарга чакырган. Жолугушууда ал аны эки досу менен тааныштырган. Паркта алардын бири күч колдонуп кызды зордуктап, сабаган. Калгандары муну видеого тартышкан жана милиция кайрыла турган болсо видеону социалдык түйүндөргө жүктөйбүз деп кызды коркутушкан.
Учурда жигит достору менен кармалды, тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content3228
Добавить комментарий ×