Чачтан көз айнек жасаган кыз Instagram жылдызына айланды
Поделиться в:
Кот-д'Ивуаралык 21 жаштагы Летиция Кью фантазиясынын күчтүлүүгү менен таанымал болду. Керек болсо ал өз чачынан көз айнек жасаган.
Анын Instagramдагы баракчасына 15 миңден ашык адам катталган жана алардын катары күндөн-күнгө өсүүдө. Летиция өзүнүн чачтары менен түрлүү куралдар- кездеме, жүн, гүл жана зымдарды пайдалып отуруп өзгөчө чач үлгүлөрүн жасайт. Анын айтуусу боюнча чач үлгулөрүн жасоого бир нече мүнөттөрдөн алты саатка чейин убакыт кетет.
“Мен ушунча көп адам менин чыгармачылыгыма кызыгуу жараткандыгына өтө кубанычтамын. Бул мени дагы да жаңы идеяларды ойлоп табуга шыктандырат”,-дейт Летиция.
Ссылка: https://barometr.kg/content3225
Добавить комментарий ×