Казакстандын көлмөлөрүндө крокодил пайда болду

28 июня 2017 11:54 506 Barometr
Поделиться в:
ok

Астанадагы көлмөлөрдө сүзүп жүргөн “крокодилдин” сүрөтү Facebook колдонуучусу Жанболот Маратов тарабынан жарыяланган. Бул тууралуу  5news.kg булагы кабарлады.

Ал крокодилди колго жасап, сууга түшкөн эс алуучуларды таң калтырууда.

“Астанада көлмөлөрдө калкып жүргөн крокодилдин пайда болгонуна аз гана убакыт болду. Биз кече кечинде жасалма крокодил жасап, орноткондо элдер таң калып сүрөткө түштү. Анын кыймыл-аракети техниканын жардамы аркылуу башкарылгандыктан сууга салганбыз. Алгач элдер тирүү экен деп коркуп, качып жатышты. Качан гана алар жакындаганда оюнчук экенин билишти. Балдар абдан кубанды”,-деди Муратов.

Ал кошумчалагандай, крокодилди элдерди шок абалдар калтыруу жана көңүлүн көтөрүү үчүн ушул нерсени ойлоп тапкан. Анын узундугу 180 см, туурасы 80 см түзөт. Алыстыктан башкарылып турат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3216



Добавить комментарий