Араван районунда болгон селден улам жолдор жабылды

28 июня 2017 11:46 366 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Селдин агындылары Чөгөм айылына баруучу Культцентр-Чөгөм-Загара унаа жолуна түшүп, жол жабылган.

Жаратылыш кырсыгы 27-июнь түнкү саат 02:00 чамасында катталды.

Жол алыс болгондугуна байланыштуу түндө саат 23:50 чамасында жетип, тазалоо иштери башталгандыгы белгиленет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3215



Добавить комментарий