Чоң-Алайдагы тоолордо жаракалар пайда болуп жатат

28 июня 2017 10:41 356 Barometr
Поделиться в:
ok

  Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагында 2017-жылдын 27-июнунда Сары-Булак айылында тоо этектерде майда жаракалар пайда болгон. Бул тууралуу  ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Тоодогу пайда болгон жаракаларды жеринде изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Иликтөө ишинин натыйжасында тоодогу жаракалар 2 турак үйгө кооптуу абал жараткандыгы аныкталып, турак үйдүн жашоочулары туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн.

Андан сырткары, айылдын жогору жагында да кошумча жаракалар пайда болгондугу байкалган.   

Ссылка: https://barometr.kg/content3200



Добавить комментарий