Ар бир соттолгон адам мунапыска илинүү мүмкүндүгүнө ээ болду

27 июня 2017 16:47 541 Barometr
Поделиться в:
ok

Тажикстанда мындан ары кылган кылмышына жана жаза мөөнөтүнө карабастан ар бир соттолгон адам жылына бир жолу өлкө президентине ырайым берүү өтүнүчүн жөнөтө алат. Мамлекет башчы Эмомали Рахмон өтүнүчтөрдү кароо комиссиясынын жаңы курамын бекитүү тууралуу токтомго кол коюп, анын ыйгарым укуктарын кеңейтти. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Өкмөттүк комиссиянын жаңы курамы ырайым берүү өтүнүчтөрү жазылган кайрылууларды карап баштады. Өтүнүчтөргө соттолгон адамдын жүрүш-турушу, ден соолугунун абалы жана үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкаттар тиркелип, президентке жазаларды аткаруу мекемелеринин жетекчилери аркылуу жөнөтүлөт.

Мамлекет башчынын токтомуна ылайык, курамына бир катар министрликтердин жетекчилери кирген мекемелер аралык комиссия ар бир өтүнүч боюнча чечим чыгарууга укуктуу. Андан сырткары комиссия соттолгон адамдын жаза мөөнөтүн кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен мамлекет башчыга кайрылуу ыйгарым укуктарына да ээ болду.

Жылына кеминде эки жолу жыйынга чогула турган комиссия мүчөлөрү бардык өтүнүчтөрдү жеке тартипте карап чыгышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content3183



Добавить комментарий