Аба ырайы болжомун кабарлап жаткан кабарчыны шамал учуруп кетти
Поделиться в:
“Ирландиянын “TV3” берүүсүнө аба ырайы тууралуу маалымат берип жаткан кабарчы Дерик Хартиганды шамал учуруп кетти”,- деп кабарлайт “Baq.kz” сайты.
Окуя түз алып берүү учурунда болгон. "Ireland AM” берүүсүндө аба ырайы жөнүндө кабарлап жаткан Хартиганды капылеттен соккон каттуу шамал учуруп кеткен. Бир канча секундга экрандан көрүнбөй калган кабарчы көп убакыт өтпөй кайра пайда болгон. Бирок, анын колундагы кол чатыры сынып калган.
“YouTube” каналына видеороликти кабарчынын өзү жүтөгөн.
“Табият-эне кайрадан жеңди”,- деп жазган ал видеонун алдына.
Ссылка: https://barometr.kg/content3173
Добавить комментарий ×