Бишкек шаарынын жылуулук тутумун калыбына келтирүүгө 400 миӊ доллар грант бөлүнөт

27 июня 2017 12:51 467 Barometr
Поделиться в:
ok

  Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу–кат боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, Дүйнөлүк банк менен Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыз кылуу тутумунун абылын жакшыртуу багытында грантык жардам боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. «Келишимге ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 400 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Аудитордун жумуштарды жүргүзүү үчүн да каражат каралууда», - дейт ал.

Андан тышкары, гранттык каражат толугу менен «Бишкек жылуулук тутуму» ишканасына бериле турганы белгилүү болду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3164



Добавить комментарий