Кыргызстандан ажыга барчуларды эмдөө иштери башталды
Кыргызстанда зыяратчыларды менингит жана сасык тумоого каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эмдөө иштери борборлорунун базасында, Бишкек шаарында болсо №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда өтөт.
Эскерте кетсек, быйыл ажыга бара тургандардын жалпы саны 4 миң 585 адам. Анын ичинде Бишкек шаары - 278 адам, Чүй облусу - 502, Талас облусу - 40 адам, Нарын облусу - 26 адам, Ысык-Көл облусу - 65, Ош шаары - 446, Ош облусу - 1798 адам, Жалал-Абад облусу - 931 адам, Баткен облусу - 444 адам, штаб - 55 адам.
Эмдөө бөлмөлөрү менингит жана сасык тумоого каршы вакциналар, ошондой эле, керектелүүчү материалдар менен камсыздалган.
Зыяратчыларды эмдөө 2017-жылдын 20-июлунда аяктайт.
Ссылка: https://barometr.kg/content3154
Добавить комментарий ×