Атамбаев: Мен президент болуп турганда аскерлерди Сирияга жөнөтпөйм

27 июня 2017 10:12 806 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөттүү тууралуу журналисттерге комментарий берди.   

“Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүдө Кыргызстандын аскерлерин жөнөтүү мүмкүндүгү тууралуу дегеле сөз болгон жок”,-деп айтты ал 24-июнда Россияга жасаган мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча суроолорго жооп узатып жатып.

 Ал мындай маалыматты “Бишкектеги бир нерсе ойлоп таап, чатак чыгаргысы келген балдар таратып жатышат” деп эсептейт.

“Эгер кайсы бир учурда ушундай маселе көтөрүлө турган болсо Кыргызстан дайыма барып турган аскер жөнөтпөйт”,-деп эсептейт президент.

Ал эгерде аскерлердин арасынан тажырыйба жана акча таап иштеш үчүн барууну каалагандар болсо алар мындай ишке тартылышы ыктымал.

 Ал мындай сөздөр болуп кеткенине абдан таң калып жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Мамлекеттик думанын коргонуу боюнча комитетинин башчысы Владимир Шаманов РИА Новости агенттигине Россия Казакстан жана Кыргызстан менен  Сирияга аскер жөнөтүү тууралуу сүйлөшүп жатканын айткан.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3138



Добавить комментарий