Атамбаев президенттикке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдой турганын айтты
Поделиться в:
24-июнда президент Алмазбек Атамбаев Россияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып КСДП өзүнүн курултайында партиянын атынан Сооронбай Жээнбековду жалгыз талапкер катары алып чыгарын маалымдады.
Ал Жээнбековду таза иштеген адам катары биле турганын кошумчалады.
"Жээнбеков - бул идеянын адамы, ал таза жана түз иштейт. Бул өлкө үчүн жакшы тандоо”,-деп айтты президент.
Президент ошондой эле сентябрдын башында 2020-жылга чейин иштей турган жаңы өкмөт түзүлөрүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, КСДП партиясынын курултайы 15-июлга белгиленген.
Ссылка: https://barometr.kg/content3137
Добавить комментарий ×