Салык кызматынын башкы инспектору пара алып кармалды

24 июня 2017 13:19 530 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаардык Свердлов районунун салык кызматынын салыктарды текшерүү бөлүмүнүн башкы инспектору 20-июнда жеке ишкерден 1000 доллар, 34 000 миң сомду накталай алып жатканда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалганын мекеменин маалымат кызматы жарыялады.


“Свердлов районунун салык кызматынын Э.Ч аттуу башкы инспектору аталган райондун аймагында жайгашкан С.А аттуу жарандын ЖЧКсын кезексиз текшерүүдөн өткөрүп, салык жагынан алардын пайдасына ыңгайлуу чечим жасап берем деп 2000 АКШ доллар талап кылган. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 20-июнь күнү пара алып жаткан жеринен салык кызматынын башкы инспектору Э.Ч колго түштү.Учурда кармалган адамдын үстүнөн Кылмыш жаза Кодексинин 313-беренесинин пара талап кылуу, кызмат учурунда ири өлчөмдөгү пара алган деген бөлүмдөрү боюнча кылмыш иши козголуп иликтөө жүрүп жатат”, - деп айтылат жарыяланган маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/content3116



Добавить комментарий