Автоунаа жолдон чыгып кеттип, бир адам каза болду
Поделиться в:
Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Калинин көчөсүндө “Гольф 2” үлгүсүндөгү мамлекеттик № S3262G унаа даракты сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Унаанын ичинде эки адам болгон, КР ӨКМнин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаадага кыпчылып калган эки адамды алып чыгышкан.
Айдоочусу 1987-жылы туулган А. башынан жаракат алып, облустук ооруканасына жеткирилген. Жүргүнчүсү аял (аты-жөнү такталууда) каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content3103
Добавить комментарий ×