Суу алып өтүүчү чуңкурда 1 эркек кишинин сөөгү табылды
Поделиться в:
Октябрь районунун Кара-Жыгач жаңы конушундагы Ысык-Көл көчөсү менен Кожомкул көчөсүнүн кесилишинде чыгынды суу алып өтүүчү чуңкурда 1 эркек адамды (аты жөнү белгисиз) топурак басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Куткаруучулар окуя болгон жерге барышып, каза болгон адамдын жансыз денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине тапшырып беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content3102
Добавить комментарий ×