Бишкекте маршурткалардын баасын 30 сомго жогорулатууну сунушташты
Кечээ, 22-июнда тегерек столдо Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган жеке компаниялардын бири маршруткаларда жүрүү баасын 30 сомго жогорулатуу сунушун айтты. Бул тууралуу kyrgyztimes.kg Каганат сайтына шилтеме кылуу менен маалымдады.
Жүргүнчүлөрдү ташыган компаниянын жетекчиси шаардыктарга сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн жол кирени жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Музуралиев болсо алгач шаардыктарга сапаттуу тейлөө кандай болорун көргөзүү керектигин билдирди.
“Мен деле айрым учурларда маршруткаларга түшүп калам. Ал жерде 17-18 орундуктун ордуна 8 орундукту калтырып коюшат, калгандары туруп кетүүгө аргасыз. Алгач шаар тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүү кандай экенин жеткиришибиз керек. Андан соң гана жол кирени жогорулатуу маселеси каралуусу зарыл”,-деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content3072
Добавить комментарий ×