Москвада эки кыргызстандык канализацияда каза табышты

23 июня 2017 11:44 608 www
Поделиться в:
ok

Москванын батыш жагындагы канализациялык кудукта Кыргызстандын эки жараны каза тапты. Бул тууралуу Россиядагы КРнын элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн айтымында, канализацияда жумушчулар өз милдеттерин аткарып жүрүшкөн учурда авария болгон.

Элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерге кетишти.

Сөөктөрдү таануу иши бүгүн 23-июлда болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3054



Добавить комментарий