ӨКМ: 24-25-июнда туруксуз аба ырайы күтүлүп жатат

22 июня 2017 13:17 574 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Эртең, 23-июнда күндүз кээ бир райондордо, 24-25-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 24-25-июнда абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Республиканын дарыяларында суунун деңгээлинин көтөрүлүп, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3007



Добавить комментарий