"Ак-Кемени” милициялар курчоого алды, мурдагы ээси каршылык көрсөтүүдө
Бүгүн, 22-июнда сот аткаруучулар “Ак-Кеме” мейманканасына барышты. Соттун чечими менен мейманкана мамлекеттин карамагына өткөн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерде коомдук тартипти сакташ үчүн барышты.
Мейманкананын мурдагы ээси Руслан Сарымсаков болуп жаткан процессти жеке менчикке карата рейдерлик басып алуу катары баалайт.
Эскерте кетсек, 1999-жылы Кыргызстандын соту "Ак-Кеме" мейманканасын банкрот деп тааныган, объекти башкарууну Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S ишканасы колго алган. Бирок 2005-жылы март айында бийлик алмашкандан кийин мейманкана Руслан Сарымсаковдун колуна өткөн, 2009-жылы түрк тарап Женева сотуна кайрылып имаратты кайтарууну талап кылган.
Женева соту Кыргызстанды күнөөлүү деп таап, 11 миллион долларга жыккан.
Ал эми кыргыз бийлиги аталган мейманканын ээсин сотко берип, утуп алган.
Ссылка: https://barometr.kg/content3006
Добавить комментарий ×