Бишкекте дайынсыз жоголгон Асан Кошмуратовду издеп жатышат
Поделиться в:
Бишкекте 1964-жылы туулган Асан Кошмуратов дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Ак-Жар» жаңы конушунда жашаган Кошмуратов 2017-жылы 14-майда Аламүдүн базарынан белгисиз тарапка кеткен жана ошол бойдон үйүнө кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 165-170 см, орто бойлуу, чачын ак аралаган, бети сүйрү, кой көз.
Ак-кара түстөгү джемпер, кара шым, калпак, туфли кийип жүргөн.
Милиция Асан Кошмуратовду көргөн-билгендер болсо (0550) 102-872; (0772) 180-945 телефонуна байланышууну өтүндү.
Ссылка: https://barometr.kg/content3005
Добавить комментарий ×