Жездесин өлтүргөн жигит кармалды

22 июня 2017 12:51 443 Barometr
Поделиться в:
ok

Токтогулда жездесин өлтүрүүгө шектүү делип кайниси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 19-июнда Токтогул шаарындагы үйлөрдүн биринен киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Анын натыйжасында шектүү делип каза болгон адамдын тууганы (аялынын иниси) кармалды. Күнөөсүн мойнуна алган шектүү жаран жездеси экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам кылмыш ишине баргандыгын айтып берген.

Учурда аталган факт боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3004



Добавить комментарий