Кызыл-Кыяда 61 жаштагы аял өз үйүндөгү дааратканага түшүп кетип каза тапты
Поделиться в:
Кызыл-Кыя шаарында 61 жаштагы аял өз үйүндөгү ажатканага түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 21-июнь күнү саат 13:30дар чамасында болгон. Кызыл-Кыя шаарынын Рыскулов көчөсүнүн жашоочусу өзүнүн үйүндөгү ажатканага түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, маркумдун сөөгүн алып чыгып, сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Ссылка: https://barometr.kg/content3003
Добавить комментарий ×