Майыптын жолун торой токтотулган жолтандабастын айдоочусу табылды

22 июня 2017 10:20 667 Barometr
Поделиться в:
ok

Патрулдук милициянын издөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чаралары учурунда кечээ, 21-июнда, 01KG455АВР мамлекеттик номурлуу  «ЛЕНДРОВЕР-Дискавери» жолтандабасынын айдоочусу табылды. Бул тууралуу 5news.kg каналы кабарлады.

Ал Манас-Чүй көчөлөрүнүн кесилише унаасын токтотуп койгон.

Айдоочусу 1985-жылы туулган Д.М.С. Ага карата унаа токтотуу эрежелерин сактаган эмес деген берене боюнча административдик протокол түзүлдү. 

“Бул жолтандабастын эле эмес, муну көргөндөрдүн баарына жакшы сабак болду. бири-бириңерди сыйлап, жол эрежесин сактаңыздар!”, - деп жазат социалдык түйүн колдонуучусу. 

Ссылка: https://barometr.kg/content2991



Добавить комментарий