Ош шаардык “Жаштык” лагери жайкы сезонун ачты

22 июня 2017 09:28 580 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 21-июнда Ош шаарындагы муниципалдык “Жаштык” балдардын  эс алуу борбору жайкы сезонун ачып, алгачкы эс алуучуларды кабыл алды. Борборго Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев барып, түзүлгөн шарттарды көрүп, эс алууга барган балдардан кабар алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 Шаар башчысы “Жаштык” лагери аз камсыз болгон балдардын жайкы эс алуусун камсыздап жаткандыгын айтып, учурда алгачкы 30 баланы кабыл алгандыгын билдирди.

 “Бүгүн,  “Жаштык” балдардын  эс алуу борбору эс алууга биринчи топтун балдарын кабыл алды. Биз аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, балдар үйлөрүндөгү тарбияланып жаткан балдарга шарт түзүп, жайкы эс алуусун камсыздап жатабыз. Балдардын эс алуусуна бардык шарттар түзүлгөн”,- деди А.Кадырбаев.

 Жайкы сезондун ачылышы концерттик программа менен коштолуп, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев лагерге эс алууга келген балдарга белектерди тапшырды. Андан соң, балдардын уктоочу, эс алуучу жайларын көрүп чыкты.

 Белгилей кетсек, быйыл 200 орундуу лагердин курулушу башталат. Учурда долбоорлорлор аяктап, жакынкы айларда тендер жарыяланат.

 Айта кетсек, “Жаштык” лагери Ош шаарындагы жалгыз муниципалдык балдардын эс алуучу жайы.

Ссылка: https://barometr.kg/content2986



Добавить комментарий