10-июлдан баштап ЖОЖ абитуриенттерди кабыл ала баштайт
10-июлдан баштап Кыргыздын Жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл алууну башташат. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 2017-2018-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу графиги: Биринчи тур 10-12-июль - Талондорду чогултуу жүрөт. 12-июль саат 14:00 - Талондорду чогултуу аяктайт. 13-июль саат 10:00 - Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет. 13-15-июль - Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.
Экинчи тур 17-19-июль - Талондорду чогултуу жүрөт. 19-июль саат 14:00 - Талондорду чогултуу аяктайт. 20-июль саат 10:00 - Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет. 20-22-июль Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.
Үчүнчү тур (Билим берүү министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт) 24-26-июль - Талондорду чогултуу жүрөт. 26-июль саат 14:00 - Талондорду чогултуу аяктайт. 27-июль саат 10:00 - Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет. 27-29-июль - Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.
25-августка чейин Жогорку окуу жайларына өткөн абитуриенттердин тизмеси министрликке жөнөтүлөт.
Булак:super.kg
Ссылка: https://barometr.kg/content2969
Добавить комментарий ×