23нөн 25-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт
Кээ бир аймактарында 23чү күнү түштөн кийин, 24-25-июнда көпчүлүк аймактарында жаан жайт. Бийик тоолуу аймактарда кар, айрым учурларда нөшөрлөгөн жаандын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
24-25-июнда абанын температурасы төмөндөшү күтүлүүдө. Бул туруксуз аба ырайы жайыттарда малды жайуу, транспорт, байланыш тармактарынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иштерин кыйындатат.
21-25-июнь күндөрү температуранын алкагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун көлөмү өсүп, жээктерге ташкындап жана айырм жерлерде дарыяларда суу ташкыны күтүлөт. Тоолуу жана тоо этегиндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал.
Бишкектеги аба ырайы: 22 жана 23-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
23-июнда түштөн кийин жана 24-июнда жаан-чачын. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Ссылка: https://barometr.kg/content2966
Добавить комментарий ×