Саякаттап жүргөн туристтер кырсыкка кабылышты
Канада мамлекетинин 2 жараны Кыргызстанда мотоцикл менен саякаттап жүрүп 2017-жылдын 20-июнунда саат 17:05 чамасында Ноокат районунда Кулатов айыл аймагына караштуу Кожо-Арык айылында тоолордун арасындагы жолдо жол кырсыгына кабылып, натыйжада 1 жаран бутунан жаракат алып калып кетишкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
20-июнь күнү чет элдик турустерге жардам берүү максатында, КР ӨКМнин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысынын буйругунун негизинде райондук Жарандык коргонуунун медицина кызматынын дарыгерлери жана айыл аймактын 2 адиси УАЗ үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшүп, натыйжада саат 19:30 чамасында Канадалык 2 жаран табылган. Бутунан жаракат алган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/content2965
Добавить комментарий ×