А. Касымалиева: "Ар бир бала жөлөк пул алууга муктаж"
Бүгүн, 21-июндагы Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.Бул тууралуу Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы кабарлады.
Ал эми депутат Кенжебек Бокоев жаӊы мыйзамда аз камсыз үй-бүлө, эмгекке жарамсыз жарандар деген түшүнүктөр алынып салынып, үч жана андан көп балалуу үй-бүлөдөгү балдарга 16 жашка чейин жөлөк пул берүү сунушталганын белгилеп: "Мындай болсо, эки балалуу аз камсыз үй-бүлө жөлөкпул албай калабы?" - деген суроо узатты.
Буга демилгечи депутат Аида Касымалиева сунушталуучу мыйзам долбоорунда мамлекеттик жөлөк пулдардын үч түрү каралганын маалымдап: "Бала төрөлгөндө бир жолку сүйүнчү пул – 4000 сом, андан соӊ үч жашка чыкканга чейин ар бир балага ай сайын 700 сомдук жөлөк пул берилет. Андыктан, эки балалуу аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары албай калат деп кооптонууга негиз жок", - деди.
Ошондой эле, депутат үч жана андан көп балалуу үй-бүлөдөгү балдарга 16 жашка чейин 500 сомдон чегерилерин кошумчалап, мындай сунуш изилдөөнүн натыйжасында кабыл алынганын билдирди.
Эске салсак, аталган жөлөк пулдар үчүн мамлекеттик казынадан 1,8 млрд. сом бөлүнүшү шарт.
Ссылка: https://barometr.kg/content2959
Добавить комментарий ×