"Like" учүн 15 кабаттан баласын салаңдатып көтөргөн ата
Алжирлик ата социалдык тармактардан миң "Like" албаса баласын ыргытып жиберерин жазган.
Жакынкы күндөрү Алжир соту 15 кабаттын терезесинен баласын салаңдатып, кийиминен гана кармап турган адам эки жылга эркинен ажыратылды.
Баланы кармап турган сүрөтүн ал өзүнүн “Facebook” баракчасына жүктөп: “1000 “лайк” же болбосо мен аны ыргытам” деп билдирүү калтырган.
Социалдык тармактын колдонуучулары аны балага катуу мамиле кылгандыгы үчүн айыпташып билдирүү жазышкан. Ошондой эле алар абалды иликтөө үчүн өз алдынча башкаруу органдарына кайрылышты.
Алжирдин маалымат каражаттарынын бирине жергиликтүү психолог белгилегендей, ата тамашасынын аягы эмне менен бүтөөрүн ойлогон да эмес деп комментарий жазган. Ал эми бала келечекте ошол оор окуялардан улам жапа чегип калышы мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/content2958
Добавить комментарий ×