Таш бака автоунааны сындырып салды

21 июня 2017 13:58 538 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайда 26 кабаттуу имараттан кулап түшкөн таш бака унаанын терезесин сындырып, ошол эле учурда, анын чатырын да мыйшайтып салган.

Унаанын ээси полиция кызматкерлерине машинасын бирөөлөр талкалап, качып кеткендиги тууралуу маалымдаган.  Укук коргоо органдары “Toyota Camry” унаасын карап чыгышып, анын жанынан өлүп жаткан таш баканы байкашкан. Окуянын күнөөкөрү бул жандык экени аныкталган.

Полиция кызматкерлери таш баканын ээсин издеп табышкан. Ал айым таш бака кулап түшкөн үйдүн ээси жана анын өлгөндүгү тууралуу укканда кайгырган.

Анын айтымында таш бака балкондогу айнектин жанындагы тешиктен түшүп калган деп болжолдоодо.

Унаанын ээси аялдан машинасын жөндөп берүүсүн талап кылган, бирок ал таш баканын кулап кетүүсүнө анын күнөөсү жок экендигин айтып төлөөдөн баш тарткан.

Ссылка: https://barometr.kg/content2956



Добавить комментарий