Дарыяга “Ауди 100” унаасы түшүп кетти
Поделиться в:
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айыл аймагында 2017-жылдын 19-июнь күнү саат 01:30 чамасында «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаа Терс дарыясына түшүп кеткен. Унаанын ичинде 4 адам болгон (2 адам суудан чыгып кеткен, 2 аял агып кеткен). Ошол эле күнү Кара-Булак участкасында Чаткал дарыясынан агып кеткен бир аялдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
2017-жылдын 20-июнь күнү экинчи аялдын сөөгүн издөө иштери жүргүзүлүп, табылган эмес.
Издөө иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content2947
Добавить комментарий ×