Өлкөдө экстремисттик көз-карашты кармангандардын саны эки миңден ашат

21 июня 2017 11:25 446 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда экстремисттик көз -карашты кармангандардын саны эки миңден ашат. Бул тууралуу Бишкек террорго каршы эл аралык форумунда ИИМдин 10-башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев билдирди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Анын айтымында, 2010–2017-жылдар аралыгында 1 миң 600 экстремисттик кылмыш катталган. Жыл башынан бери 313 диний экстремизмге байланыштуу окуя болсо, анын 102сине кылмыш иши козголгон.


Эрлан Бакиевдин билдирүүсүндө, экстремисттер көбүнчө диний кастыкты козгоп, азыркы мамлекеттик түзүмдү жоготууга чакырат. Алар мындай ураандарын атайын материал, окуу курал жана видео-аудио түрүндө жөнөтүшөт. Экстремисттик кыймылдын катарына киргендер 25–30 курактагы жарандар.


Кыргызстанда 18 уюм жана Саид Буряттын кайрылууларын таркаткан секта экстремисттик деп табылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content2946



Добавить комментарий