Ош шаарында мектептерде коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жыйын болду
Кечээ, 20-июнда Ош шаарында мектептердеги коррупциялык элементтер менен күрөшүү боюнча жыйын болду. Бул кабарга Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады
Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, мэриянын өкүлдөрү, билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги, шаардагы жалпы мектеп директорлору жана бала бакчалардын башчылары катышты. Жыйында жүрүшүндө Нурбек Кадыров коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоону мектеп директорлоруна тапшырып, санга эмес сапатка көңүл бурууга чакырды.
“Билим берүү деңгээлин дагы да көтөрүшүбүз керек. Ар бир мектеп өз аймагындагы окуучуларга билим берип, стандартты сактасак билим дэңгээли жогоруламак. Андыктан мектеп директорлору бул багытта иш алып барыш керек.
Ошондой эле, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин тапшырмасынын негизинде, эгерде 1-класстарды мектепке кабыл алуудагы коррупциялык элементтер катталса,жазуу түрүндө болобу же ооз эки түрүндө экендигине карабай мектеп директоруна чара көрүлөт”,- деди Н.Кадыров.
Ага улай мектептердеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюунун так механизмин иштеп чыгуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгына тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content2940
Добавить комментарий ×