Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечти

21 июня 2017 09:58 476 Barometr
Поделиться в:
ok

Тиешелүү протоколго Москвада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда кол коюлду. Бул тууралуу  Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, муну менен өлкөнүн Орусияга тышкы карызы жоюлат.Жолугушууда Атамбаев жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирип, бир нече айдан кийин Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо өтөөрүн эске салды.- Өз ишимдин алдын ала жыйынтыктарын чыгарып келип, эң башкы жетишкендигибиздин бири – Орусия менен мамилени туура нукта жүргүзгөнүбүз деп эсептейм. Стратегиялык мамилелердин, достуктун жана боордоштуктун нугунда.Өз кезегинде Владимир Путин эки өлкөнүн кызматташуусу мындан ары да күчөйт деген ишенимин билдирип, Кыргызстанда туруксуздук мезгили артта калганын белгиледи.Атамбаев жетектеген кыргызстандык делегация беш күндүк мамлекеттик сапар менен Орусияга 19-июнда барган.

Ссылка: https://barometr.kg/content2933



Добавить комментарий