10 жылдан бери дайынсыз жоголгон кыргызстандыкты туугандары издеп жатат

20 июня 2017 14:15 774 Barometr
Поделиться в:
ok

Мындан 10 жыл мурда Москвага жумуш издеп кетип, эки жылдан кийин дай          ынсыз болуп кеткен Азамат Шегебаевди туугандары социалдык түйүн аркылуу издеп жатышат. Анын туугандар элге кайрылды.  

«Урматтуу бир туугандар сиздерден жардам сурайбыз. Мындан 10 жыл мурда Россиянын Москва шаарына иштегени кеткен тууганыбыз 1984 – жылы 22 - майда туулган Шегебаев Азамат Шариповичти издейбиз. Азаматтан акыркы кабар мындан 8 жыл мурда укканбыз, ошол бойдон кабар жок. Азамат Ош облусунун, Карасуу районун, Савай айылынын тургуну. Көргөн же билгендер болсо кабарлап коюшуңарды өтүнөбүз. Сураныч бөлүшүп койсоңуздар. Алдын ала ыраазычылык билдиребиз! Байланыш телефон номер 0556013236»,-деп жазышты Азаматтын жакындары.

Ссылка: https://barometr.kg/content2902



Добавить комментарий