Кадыр түн кечеси эртең 21-июнда болот

20 июня 2017 13:35 710 Barometr
Поделиться в:
ok

Эртең, 21-июнь-Кадыр түн кечесинде  Бишкек шаарындагы «Махмуд ал-Кашгари» мечитинде 3 миң адамга ооз ачаарлык уюштурулуп, кадыр кечесинин урматына карата Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов баштаган дин аалымдары баяндама айтышмакчы. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Уюштуруучулардын айтымында, Кадыр түн кечесинде бардык каалоочулар үчүн эшик ачык болуп,  таңкы багымдат намазына чейин баяндамлар менен коштолуп, атайын даярдалган программада пайдалуу маалыматтар айтылмакчы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2897



Добавить комментарий