Шыкмаматовдун соту 27-июнда улантылат

20 июня 2017 13:31 412 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттин "Ата - Мекен"  фракциясынан депутат  Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча сот жыйыны 27-июнда улантылат. Бул тууралуу чечим Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды.  

Чечимдин кабыл алынышына иш боюнча  айыпталып жаткандардын биринин жактоочусу баардык документтерди немис тилине которуу зарылдыгы тууралуу суранганы себеп болду.

Эскерте кетсек, учурда "Ата - Мекен" партиясынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Алмамбет Шыкмаматовго 303-берене-коррупция боюнча айып тагылып жатат.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2896



Добавить комментарий