Сауд өнүктүрүү фондунан 20 млн доллар насыя алынууда

20 июня 2017 13:19 500 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолунун курулушун каржылоо боюнча насыялык келишимди жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты

Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Түндүк – Түштүк автожолундагы 24 чакырым жолдун курулушун каржылоо максатында, Сауд өнүктүрүү фондунан 20 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя алынууда. Насыяны төлөө мөөнөтү – 25 жыл, пайыздык үстөгү – 1 пайыз. Бул участок 2-категориядагы жол болуп саналат.

Андан сырткары, кыргыз тарап Түндүк – Түштүк автожолуна алынган насыялык каражаттарды 2023-жылдан тарта төлөй баштап, ал 2042-жылы аяктоого тийиш экени белгилүү болду. Транспорт жана жолдор министрлиги мындай төлөм мамлекеттик бюджетке анчалык деле күч келтирбейт. Азыр бул жолго жолакы төлөмүн киргизүү маселеси да каралууда.

Эске салсак, Түндүк – Түштүк автожолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Ушу тапта 74 чакырым жолдун курулушунун каржы булагы табыла элек. Жол 2020-жылы ишке киргизилет, ал эми 2022-жылы толугу менен кабыл алынмакчы. Жолдун кепилдик мөөнөтүнөн мурда бузулган жана сапаты начар жерлери подрядчиктин эсебинен калыбына келтирилүүгө тийиш.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2894



Добавить комментарий