АКШдагы олимпиадада кыргызстандык окуучулар 16 медалга ээ болушту
АКШда 2017-жылдын 12-17-июнь күндөрү өткөн “Genius” олимпиадасында Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары 71 өлкөдөн жана АКШнын 39 штататынан келген 1 100 окуучулар менен 5 категория боюнча ат салышып, жыйынтыгында 5 алтын, 6 күмүш, 5 коло жана 17 кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болду.Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти
Мындан сырткары, Бишкек “Айчүрөк” лицейи олимпиадага эң көп долбоор менен катышкан мектеп деп тандалып, атайын сыйлык менен сыйланды.
Ошондой эле “Genius” олимпиадасында Кыргызстан 81 долбоор менен эң көп катышуучу алып барган мамлекет катары танылды.
Эл аралык “Genius” олимпиадасы – дүйнөдөгү 12ден 18 жашка чейинки окуучулардын арасында учурдун глобалдуу көйгөйүлөрдүн чечүү жолдорун көрсөткөн долбоорлор жарышы.
Ссылка: https://barometr.kg/content2891
Добавить комментарий ×