Өкмөт башчы газ өткөрүү станциясындагы жарылууну тыкыр иликтөөнү тапшырды

20 июня 2017 12:45 406 Barometr
Поделиться в:
ok

 Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында орун алган газ өткөрүү станциясынын жарылуусуна байланыштуу факты боюнча Ички иштер министрлигинин жетекчилигине кырсыктын себептерин жана шарттарын тыкыр иликтөөгө алууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигине орун алган жардыруу фактысы боюнча изилдөө жүргүзүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына бардык газ өткөрүү станцияларынын коопсуздук талаптарына ылайык келүүсүн ыкчам текшерүүгө алуу тапшырмасы берилди. Эгерде талапка жооп бербеген кырдаал болсо пайдаланууга тыюу салуу чаралары кабыл алынат.

Саламаттыкты сактоо органдарына жарылуудан улам жабыр тарткандарга жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Иликтөөнүн жүрүшү премьер-министринин жеке көзөмөлүндө турат.

 

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2888



Добавить комментарий