МСК беш айда 27 млрд. сомдон ашык салык жыйнады

20 июня 2017 12:41 336 Barometr
Поделиться в:
ok

 2017-жылдын өткөн беш айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 27 млрд. 790,9 млн. сом салык жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, коюлган план 100,2 пайызга аткарылып, 66,5млн сомго ашыгы менен чогултулган.

2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 2 млрд. 651,7 млн. сомго же 10,5 пайызга жогорулаган. Ошол эле учурда сатуу салыгын кошпогондо келип түшүү 4 млрд. 36,2 млн. сомго же 18,2 пайызга көбөйгөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2887



Добавить комментарий