Орозо айт 26-июнга белгиленип жатат
Поделиться в:
Орозо айт 26-июнга белгиленип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Ислам шариятында Орозо айт күнү жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (саллоллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө:“Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла,”- деп буйруган (Сахих муслим 1081).
Эскертүү кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмаланып калса, 25-июнь күнү Орозо айт болушу мүмкүн экендигин белгилешти.
Ссылка: https://barometr.kg/content2883
Добавить комментарий ×