Камчыбек Ташиев: Темир Сариев менен саясий альянс түзүү тууралуу сүйлөшүү болгон эмес

20 июня 2017 11:01 417 Barometr
Поделиться в:
ok

"Мен саясий иш-чарага конок катары чакырылгам жана күтүүсүз жерден мага сөз берип калышты”,-деп билдирди  Barometr.kg сайтына мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев.

Анын айтымында, ал “Ак-шумкар” партиясынын курултайынын катышуучуларын куттуктап, партия Темир Сариевди президенттикке талапкерлигин көрсөтүп жатканына колдоо көрсөтөрүн айткан. 

"Саясий альянс түзүү тууралуу эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес”,-деп билдирди ал. 

Эскерте кетсек, кечээ, 19-июнда "Ак-Шумкар" партиясынын курултайы болгон жана партиянын мүчөлөрү  бир добуштан Темир Сариевди президенттикке талапкерлигин көрсөтүшкөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2875



Добавить комментарий