Ош шаарында Өзбекстандын каржылоосу менен мектеп салынат

20 июня 2017 10:17 622 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарына салына турган жаңы мектептердин бирин Өзбекстан каржылайт. Аталган келишим кечээ, 19-июнда жактырылганын Жогорку Кеңештин (ЖК) маалымат кызматы билдирди.
Баяндама жасаган Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыкановдун айтымында, Өзбекстан жаңы салынат деп жаткан мектепке каражат гана бөлүп тим болбостон, анын курулуш иштерин дагы өз мойнуна алат. "Мектеп 630 орунга эсептелип, кыргыз тилинде билим берет. Анын курулушу ушул жыл ичинде толугу менен аяктап калат", — деди Шадыканов.

Жаңы мектептин имараты кыйроо абалында турган Навои атындагы мектептин ордуна салынат.

Ссылка: https://barometr.kg/content2871



Добавить комментарий